Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Эркин Алымбеков бүгүн, 5-ноябрда 53 жашка толду. Алымбеков V чакырылыштагы Жогорку Кеңеште өзүнүн кескин чечимдери менен элдин эсинде көбүрөөк калды. "Кумтөр" маселеси дуу болуп, талаш-тартыштар бүтпөй турган маалда "Кумтөрдөгү" үлүштү 67 пайызга жеткирем, мага 1 жыл гана убакыт бергиле" деп чыкканы белгилүү. Тагыраак айтканда, "Кумтөр" кени боюнча канадалык тарап менен биргелешкен ишкана түзүү, үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү сунушуна кескин каршы чыккан. Алгач "комитет мүчөлөрү "Кумтөр" маселеси боюнча пассивдүү болуп жатат, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин туура эмес иштерине көз жумушууда" деп, өзү жетектеген Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагалыгын тапшырып берерин айтып чыккан.
Кийинчерээк "Кумтөр" боюнча өкмөттүн сунушу парламентте колдоо таап кетсе, мандатын тапшырарын айтып, 2014-жылдын 6-февралында парламент "Кумтөрдөгү" үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү демилгесин жактыргандан кийин депутаттык мандатын тапшырган. Парламенттин азыркы чакырылышындагы мандатынан өз каалоосу менен баш тарткан алгачкы депутат болду.