Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин 10-ноябрдагы жыйынында өкмөттүн калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча программасы каралды. Комитет мүчөлөрү улуттун ден соолугу башка экономикалык көйгөйлөрдөн жогору турарын айтып, эң эле биринчи элди таза суу менен камсыздоо керектигин айтышты. Депутат Эсенгул Исаков таза суу киргизип жаткан түтүктөр кеминде 50 жылга чыдамдуу болуш керектигин билдирип, бул жааттагы өтүп жаткан тендерлерди таза өткөрүү керектигине токтолду. "Убагында президент, өкмөт башчы өздөрү баш болуп барып, кызыл тасмасын кесип, ачып келген жерлердин да таза суулары чыкпай жатат. Түтүктөр 50 жылга иштеш керек. Ал үчүн тендерлерди да таза өткөрүү милдети бар", - деди ал.
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, аталган программаны иштетүү үчүн кийинки он жыл ичинде 13 миллиард сом керек болорун билдирди.
Комитет жыйын соңунда программанын долбоорун колдоду.