Марат Турдубаев Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу 6-январда
SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын Балыкчы шаары боюнча атайын өкүлү
Капар Акматбек уулу билдирди.
Маалыматка караганда, шайлоого шаардык кеңештин 30 депутаты катышкан. "Шайлоонун жүрүшүндө Данияр Бекбашев - 7, Алмаз Сагынбеков - 6 жана Марат Турдубаев 17 добушка ээ болду. Шайлоо БШКнын 133 токтомуна ылайык өткөрүлдү. Алгач талапкерликке 5 киши документ тапшырган. Акыркы күн деп 27-декабрь белгиленип, ага чейин тапшырган 3 адамдын документи жарактуу болгон. Шайлоо таза жана чыр-чатаксыз өттү. Өкмөт башчы токтом чыгаргандан кийин жаңы шайланган мэр ишине киришет",- деди Капар Акматбек уулу.
Марат Турдубаев 1962-жылы туулган. Ал Балыкчыдагы "Темир-бетон" ачык акционердик коомун жетектеп келген.