Казакстандын Акмоло облусунда Ош-Москва каттамында кыргызстандык жүргүнчүлөрдү ташып бараткан Фольксваген үлгүсүндөгү кичи автобус кечээ, 11-январда бузулуп, жолдо калган. Катуу суукта жолдо калган 18 кыргызстандык жүргүнчү жергиликтүү куткаруучулар тарабынан куткарылып, аларга тиешелүү жардамдар берилген.
Казакстандык басылмалар жазып чыккандай, Акмоло облусунда ушул күндөрдө аба ырайы -13... -20 градус суукка чейин жетүүдө. Учурда 18 жүргүнчү аймактык мейманканалардын бирине жайгаштырылганы айтылат маалыматта.