Парламент жеке банктарга салыктык жеңилдик берүү демилгесин 3-окууда добуш берүүгө жиберди

Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, депутаттардын кайчы пикирин жаратты.

Улуттук банктын берген маалыматына караганда, өлкө аймагында иштеген банктардагы сырттан ташылып келинген банкомат, терминал сыяктуу жабдууларга атайын алымдар менен жыйымдар алынып, салыктар төлөнүүгө тийиш. Ошондон улам ушул мыйзам долбоору аркылуу банктарды эки жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгынан бошотуу демилгеси сунушталууда.

Жыйын жүрүшүндө мыйзам кабыл алынып калса, бюджетке 2 жылда 70 миллион сомго жакын каражат түшпөй калары айтылды. Экономика министри Темир Сариев алыскы айылдарда банкоматтар орнотулуп, накталай эмес акча жүгүртүү көлөмү кыйла өсөрүн айтты. "Накталай эмес эсеп-кысапка өткөрүү өлкө аймагын түгөл камтып, экономиканын өсүшүнө түрткү берет. Банктар менен меморандум түзүлгөн",- дейт Сариев.

Депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, коммерциялык банктарды салыктан бошотуу туура эмес. "Алар өз кызматы үчүн акы алып иштеп жаткандыктан, мамлекеттик органдар алардын кызыкчылыгын көздөбөй, бардык салык түрлөрүн толук төлөтүп алуусу зарыл. Ошондуктан мыйзам долбоорун колдобоо керек",- деди Рыспаев.

Соңунда эл өкүлдөрү маселе добуш берүүдө чечилерин билдиришип, демилгени добуш берүүгө жиберишти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан