Чаткалда алтын казган кытайлык ишкананы карактагандар соттолушту

Чаткалда алтын казган кытайлык ишкананы карактагандар соттолушту. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул окуя 2014-жылдын 6-сентябрынан 7-сентябрга караган түнү болгон. Анда “Фонта” алтын казуучу ишканасына бет кап кийген эки адам келип, күзөт кызматкерин атып, 5 килограммдан ашык алтынды алып кетишкен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Совет Абдыракманов жана 1979-жылы туулган Бунед Закиров кармалган. Ал эми 24-декабрда Чаткал райондук соту Закировду 13 жылга, Абдыракмановду 10 жылга эркинен ажыраткан. Учурда кылмышка шектүү үчүнчү жаран Идирис Саидов издөөдө жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Fili-07
2015-02-07 15:14:22
Кыргызстанда кытайлыктар кааласа сойку кана иштетишет,кааласа алтыныбызды казып кетишет.
-1
nurik2103
2015-02-07 16:36:27
Тоок тууй берет жумурткаларын ар жактан келип чогултуп кете беришет, ит Уруп чыкса алакандай ет ыргытып койот,
-1
murat88
2015-02-07 16:50:38
Алтындарын кайтарып бериштиби экен
-1
juroguak
2015-02-07 17:16:02
ай кыргыздар эмне болуп бара жатат бул кытайлар куйгузмой болдуго адамды
0
chonko.samat7
2015-02-07 19:40:25
кытайлар басат окшойт эми аларды эмне киргизип жиберишти алмаз
+1
kenjegyl.urmat
2015-02-08 00:16:11
ХХХ ХХХ ХХХ... да кытайдын акчасына азгырылып жататда.
0
admin_portal
2015-02-09 09:50:34
kenjegyl.urmat - эскертүү!
Талкуудан алыстабасаңыз.
0
dani2014
2015-02-08 13:23:41
Бул кытайлар коптон бери эле бар, эмне учун жергиликтуу эл казбайт.жерлерди коп жылга арендага берип коюшкан
0
mekkka
2015-02-09 11:49:25
Кытайларга ушул чондордун ххх бербегени эле калды. Андан болок бапрын талатып бутуштуго булар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан