Сочи шаарында Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин жолугушту

Кечээ, 7-февралда Орусиянын Сочи шаарында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун маселелери талкууланды.

Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин көп пландуу кыргыз-орусиялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанисин белгилешти.

Жолугушуу аяктагандан кийин мамлекет башчылары Сочи шаарында ХXII Кышкы Олимпиада оюндарынын жана ХI Кышкы Паралимпиада оюндарынын ачылыш күнүнүн бир жылдыгына арналган «Оюндардан кийин бир жыл» аттуу муз үстүндөгү майрамдык шоу-программага чогуу күбө болушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан