Карим Масимов: "Казакстан Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга киришинде колдоо көрсөтүүгө даяр"

Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев 6-февралда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов менен жолугушту. Тараптар керектүү шарттарды түзүү менен Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода байланышын күчөтүү керектигин белгилешти. Мындан тышкары Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке киришине тийиштүү маселелер талкууланды. Карим Масимов Казакстан тарап Кыргызстандын ЕАЭСке кошулушунда керектүү колдоону көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан