Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева 6-февралда Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Йорг Фриден менен жолугушуп, өлкөдөгү экономикалык абал, Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы жаңы үч жылдык программаны ишке ашыруу, Дүйнөлүк банктын учурдагы жана келечектеги долбоорлору тууралуу пикир алышты. "Дүйнөлүк банк Кыргызстандын экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келет. Өлкө экономикасынын түйүндүү тармактарына каржылык жана техникалык жактан көмөк көрсөтүүдө",- деп билдирди вице-спикер.
Сасыкбаева Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформаларга колдоо көрсөтүү жаатындагы мамилени мындан ары да жандандыруу зарылдыгын кошумчалады.
Тараптар аймактык CASA-1000 энергетикалык долбоорун ишке ашыруу жана кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты. Ошондой эле өлкөнүн энергетикалык мүмкүнчүлүгүн арттыруу жана Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуунун натыйжалуулугун бекемдөөгө багытталган иш-чараларга көмөк көрсөтүү маселелери талкууга алынды.