"Мамлекеттик карызды эффективдүү башкаруу - 2015-жылга каржы министринин алдына коюлган 7 милдеттин бири. Бул пункт ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпаган тышкы карыздын жылдык калдыгынын сакталышын эске алуу менен зайымдардын жеңилдигинин эң төмөнкү деңгээлин сактоодо жаңы тышкы карыз алууларды камтыйт". Маалыматты Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2015-жылы каржы министринин алдына төмөнкүдөй милдеттер коюлган:
1. Өнүктүрүү долбоорлорунун жана капиталдык салымдардын каржыланышына коомдук көзөмөлдү күчөтүү.
2. Бюджеттин майнаптуу эмес чыгашаларын кыскартуу.
3. Программалык бюджеттөөгө этап-этап менен өтүүнү улантуу.
4. Мамлекеттик каржыларды пайдалануунун ачык-айкындуулугун жана майнаптуулугун жогорулатуу.
5. Мамлекеттик карызды майнаптуу башкаруу.
6. Электрондук сатып алууларды жүргүзүүгө өтүүнү камсыздоо.
7. Мурда берилген мамлекеттик зайым каражаттарынын кайра кайтарылышын камсыз кылуу жана Баалуу металлдар департаментин өзгөртүп түзүү.