Бишкекте пенсионерлер жана жакыр жашаган жарандардын тобу 6-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчилиги менен жолугушту.
Жолугушууда жарандарды 65 жаштан кийин кошумча төлөмдөрдөн бошотуу, бейтапканалардагы жана ооруканалардагы медициналык кызматтын төмөн деңгээли, медициналык "Тез жардам" кызматынын ишинин начардыгы, муниципалдык дарыканаларда жеңилдетилген баадагы дары-дармектердин тизмегинин жоктугу, алыскы райондордо ФАПтардын жоктугу сыяктуу маселелер талкууланды. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан: "Саламаттыкты сактоо уюмдарында медициналык кызматтарды алуудагы пенсионерлердин укуктары, Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун иштеринин багыты, геронтологиялык кызматты өнүктүрүү тууралуу сөз болду",- деп билдиришти.