Орусиянын Москва шаарынын башкармалыгы мигранттардын эски үлгүдөгү патенттеринин колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташы мүмкүн. Бул тууралуу 8-февралда Москванын Экономикалык саясат жана өнүгүү департаментинин башчысы Максим Решетниковго шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жарыялашты.
"Учурда эски патент маселеси курч болууда, анткени аны 3 айга гана узартканга мүмкүн болчу. Былтыркы жылдан баштап мындай 800 миң патент мигранттарга берилген. Ушул документтердин ээлери 2015-жылдын биринчи 3 ай аралыгында кайра каттоого келиши керек. Мындан улам биз мигранттар жарым жыл же жыл ичинде бир айга 4 миң рубль төлөп, эркин эмгектене берсин деген ниетибиз менен мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулап жатабыз",- деп билдирди Решетников.
Айта кетсек, 2015-жылдын 1-январынан тарта Москвадагы мигранттар үчүн патенттин баасы 4 миң рублга чейин кымбаттаган (айына).