Кыргызстанда 2015-жылдын январында пенсия үчүн бюджеттен 2 миллиард 759 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди. Аталган сумманын аймактарга бөлүнүшү төмөнкүдөй:
Чүй облусу - 436 миллион 299 миң сом;
Ысык-Көл облусу - 253 миллион 299 миң сом;
Талас облусу - 113 миллион 479 миң сом;
Нарын облусу - 229 миллион 387 миң сом;
Ош облусу - 503 миллион 921 миң сом;
Баткен облусу - 219 миллион 172 миң сом;
Жалал-Абад облусу - 456 миллион 331 миң сом;
Бишкек шаары - 449 миллион 234 миң сом;
Ош шаары - 98 миллион 659 миң сом.
Пенсиянын 951 миллион 386 миң сому коммерциялык банктар аркылуу, 1 миллиард 808 миллион 400 миң сому почта кызматы аркылуу берилгени айтылды.