Кара-Суу райондук бийлиги үйдүн техникалык паспортун жасатууну жөнөкөйлөштүрүүнү сунуштоодо

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары 6-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунун акими баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушту. Жергиликтүү жетекчилер Кара-Суу районундагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү, анын ичинде жер тилкелерин жана үйдүн техникалык паспортун документтештирүүнү жөнөкөйлөштүрүү маселесин көтөрүштү. Жергиликтүү тургундар Архитектура жана курулуш агенттиги менен Мамлекеттик каттоо кызматына бирин бири кайталоочу документтерди чогултушарын белгилешти. 

Мындан тышкары тендер өткөрүүдө босого өлчөмүн мыйзам аркылуу белгиленген 500 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейин жогорулатуу зарылдыгы айтылды. Парламент депутаттары айтылган көйгөйлөрдүн чечилишине жардамдашууга убада беришти. Маселелер боюнча тармактарына жараша Каржы министрлигинин, Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги менен Мамлекеттик каттоо кызматынын, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жооп беришкенин билдирет ЖКнын маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан