"Генерал болууну самабаган жоокер - жоокер эмес" дегендей, мен президент же премьер-министр болгум келерин жашырбайм". Мындай пикирди 9-февралда телеканалдардын бириндеги түз эфирде парламент депутаты Равшан Жээнбеков билдирди. Жээнбеков оппозициянын айрым өкүлдөрүнүн Түркия жана АКШга барышынын максаты Кыргызстандагы демократиялык принциптерди бекемдөө экенин айтат. "Бизди өлкөдө революция жасоого акча алып келгени кетишти деп чыгышты. Андай эмес, Түркияда, АКШда бир катар маанилүү жолугушуулар өттү. Өзүбүз сунуштаган мамлекетти башкарууга байланыштуу концепцияны тааныштырып, талкууладык. Кыргызстанда талкуулоого мүмкүн болбогондуктан, сырттан сүйлөшүүгө аргасыз болуудабыз",- дейт депутат.
Жээнбеков Кыргызстанда күчтүү оппозиция жок экенин моюнга алды. "Оппозиция алсыз, башыбыз бирикпей жатат. Парламентте бийликти ачык сындаган 4 эле депутат бар, сырттагыларды кошкондо 5-6 эле оппозиция өкүлү бар. Ансыз да чачырап турган оппозицияны биротоло кысып, жок кылууга аракет кылуу туура эмес",- деп билдирди оппозициячыл депутат.