26-июндан 27-июнга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Министрлик дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экенин кошумчалады.
Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет:
- сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз;
- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары - агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
- Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
- сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
- мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.