Каржы министрлигинде иштеген 7 кызматкер ардактуу эс алууга чыкты

Каржы министрлигинде иштеген 7 кызматкер ардактуу эс алууга чыкты. Аларга 9-февралда эстелик белектери салтанаттуу түрдө тапшырылганын министрликтен кабарлашты. Министрликтин статс-катчысы Зуура Баяманова эс алууга чыккан кызматкерлердин жогорку кесипкөйлүгүн, турмуштук бай тажрыйбасын белгилеп, көп жылдык, ак ниет кызматы үчүн аларга ыраазычылык билдирди.    

“Биз сиздерди Каржы министрлигинен көргөнүбүзгө ар дайым кубанычтабыз, анткени дайыма сиздердин жардамыңыздарга жана колдооңуздарга таянабыз”,- деп кошумчалады Баяманова.

Салтанаттуу жыйында кызматкерлер эсте калган көз ирмемдерге токтолушуп, кесиптештерине каалоо-тилектерин айтышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан