Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети 10-февралдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырды.
Ага ылайык, порнографиялык элементтери бар тасмаларды көзөмөлдөөчү атайын комиссия түзүлөт. Депутат Роза Акназарованын айтымында, учурда бойго жете элек балдардын ачык эпизоддору бар тасмаларды көрүүсү курч маселе болууда. “Мындан улам аталган мыйзам долбоору чыгармаларды порнографиялык же тыюу салынган чыгармалардын катарына киргизүү же киргизбөө маселеси мекемелер аралык комиссиянын чечими менен аныкталат”,- деди депутат.