Парламенттин Социалдык саясат комитети 10-февралдагы жыйынында муфтиятты 2011-2012-жылдардагы 12 миллион сомдук социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотуу маселесин кароодо. Жыйында депутат Ыргал Кадыралиева сунушталган мыйзам долбооруна өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев каршы экенин айтып: "Оторбаев "Ата Мекендин" квотасы боюнча премьер-министр болгон. Бирок ал партиянын чечими менен макул эмес экенин билдирди, муну өз ара чечишип алышыңар керек эле",- деп билдирди.
Депутат Сайдулла Нышанов жооп катары: "Оторбаев өкмөт башчы болгондо "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү эмес болчу. Аны партияга байлай берүү туура эмес, айрым маселелерде мындай эки башка көз караш КСДПнын ичинде да болуп турат",- деди.