"Тилекке каршы, Кыргызстандагы жаштар экиге бөлүнүп калышты: жумушсуздар жана саясатчылар. Баарыбыз кыйын сүйлөйбүз, бирок алдыга жылыш жок",- деди депутат Ыргал Кадыралиева 10-февралда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда.
Депутаттын айтымында, жаштардын маселелерине бир гана Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги эмес, бардык тармактар көңүл бурушу керек. "Байлар көп кабаттуу үйлөрдү куруп алып, батирлерди кымбат баа менен сатышууда. Жаштарда акча жок, батир алууга аларда мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Жаштарды патриоттуулукка тарбиялоону күчөтүү керек. Бул багытта бардык облустарга барып талкууларды жүргүзүү зарыл",- дейт депутат.
Комитет төрагасы Эркин Сакебаев бакыт акчада эместигин жаштарга жеткирүү керектигин белгиледи. "Руханий байлыкка ээ болуу ар бир адам үчүн маанилүү. Биз бала кезде аскердик-патриоттук тасмаларды көрүп тарбияланганбыз. Азыр болсо баягы эле кыйноо, зордук-зомбулук, терс таасир эткен тасмалар көрсөтүлүүдө",- деди Сакебаев.
Айта кетсек, аталган комитет “Кыргыз Республикасындагы жарандык-мекенчилдик тарбия жөнүндө” мыйзам долбоорун кароодо.