Бүгүн, 10-февралда парламенттин
Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда депутат
Эркин Сакебаев алдын ала маалымат бербей, жыйынга келбей койгон министрлерди сындады.
"Учурда заманбап технологиялар өнүккөн, чөнтөгүңөрдө уюлдук телефондор бар. Илгеркидей почтага барып же дагы бир байланыш түйүнүн издөө зарылчылыгы жок. Жыйынга келе албасаңар алдын ала билдирип коюшуңар керек. Биздин ишибиздин аякташына 5 ай эле убакыт калды, буга карабастан, ар бирибиз өз ишибизди милдеттүү түрдө аткарышыбыз керек",- деди депутат.