Өкмөттө 9-февралда өкмөттүн 2015-жылга Бирдиктүү иш-чаралар планынын долбоору талкууланды. Өкмөт тарабынан төмөнкүдөй пландар иштелип чыкканы айтылды:
- Кыргызстандын өкмөтүнүн 2015-жылга иш-чаралар планы. Мында Кыргызстандын 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүгүүгө өтүү жана Кыргызстандын 2013-2017-жылдарга карата Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын программасын ишке ашыруу боюнча чаралар камтылган;
- Кыргызстандын президентинин “2015-жылды Улуттук экономиканы чыңдоо жылы катары жарыялоо жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын өкмөтүнүн иш-чаралар планы.
Аталган пландарды талкуулоодо аларды өкмөттүн 2015-жылга Бирдиктүү планы катары бириктирүү сунушталды. “Өкмөттүн 2015-жылга иш-чаралар планынын долбоору жакынкы арадагы өкмөттүн жыйынында каралат. Убакыттын тардыгына байланыштуу бардык уюштуруу иштери 3 күндө жыйынтыкталышы керек, ал эми өкмөттүн 2015-жылга Бирдиктүү иш-чаралар планынын долбоору кыска мөөнөттө бекитүүгө сунушталышы зарыл",- деп билдирди жыйынга төрагалык кылган вице-премьер-министр Валерий Диль.