Бишкек - "Манас" аэропорту трассасын оңдоого 75 миллион доллар жумшоо пландалууда. Маалымат 10-февралда аталган маселеге байланыштуу вице-премьер-министр Валерий Диль өткөргөн жыйында айтылды. Учурда транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов баштаган делегация Кытайда иш сапары менен жүргөнү, андагы жолугушууларда аэропорттун жолун оңдоону каржылоо тууралуу сөз жүрүп жатканы кошумчаланды. "Бишкек - "Манас" аэропорту унаа жолун оңдоонун деталдуу планы быйыл март айынын аягына чейин бүтүшү керек",- дейт Диль. Ошондой эле долбоорду ишке ашырууну тездетүү боюнча тийиштүү министрликтерге тапшырма берди.