Винников Социалдык адаптация жана запастагы аскер кызматкерлерин кайра даярдоо программасы тууралуу маалымат берди. 2014-жылы запаска бошотулган 400 аскер кызматкери кайра даярдоо курстарынан, анын ичинде бизнес курстарынан, компьютердик сабаттуулук боюнча окуудан өткөнү, ал эми алардын 150сү англис тили курсуна барганы айтылды.
Баатырбеков Кыргызстандын запаска бошотулган аскер кызматкерлерин социалдык адаптациялоо жана кадрларды кайра даярдоо боюнча долбоорду колдой турганын айтып, "тараптардын кызматташуусу мындан ары дагы ушундай нукта уланарына ишенем" деп билдирди.