Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 10-февралдагы жыйынында муфтиятты 12 миллион сомдук социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотуу демилгесин колдоп, мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна жөнөттү. Тактап айтканда, мыйзам долбоорунда ажылык сапарды уюштуруу кызматтарын көрсөткөн тараптардын 2014-жылдын 1-январына чейинки социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн 12,9 миллион сомдой каражатын кечүү сунушталууда.
Демилгеге өкмөт каршы. Социалдык саясат комитети негизги чечимди парламент кабыл алсын деген жыйынтыкка келди.