2015-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда орточо айлык маяна 12 435 сомду түздү. Бул 2014-жылдын январына салыштырмалуу 8,8 пайызга көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Жанбулат Байжуманов 10-февралда маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, 2014-жылдын январында маянанын орточо көлөмү 2013-жылга салыштырмалуу 5 пайызга өскөн. Маянанын көлөмүнүн жогорулашы менен кошо инфляциянын деңгээли да өсүп жатканын кошумчалады Байжуманов.