Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 10-февралдагы жыйынында тарыхый-маданий мурастарды коргоого байланыштуу мыйзам долбоору 2-окууда каралып, жактырылды.
Мыйзам долбоорунда археологиялык эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн чектеринде тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышсыз курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу нормасы каралган. Тарыхый-маданий мурас объекттерин издөө үчүн жеке жана юридикалык жактардын атайын техникалык куралдардын (металл издөөчү, металлодетектор, радарлар жана магниттик аспаптар) атайын уруксатсыз колдонуусуна да тыюу салынары, аны аткарбагандарга жаза колдонулары айтылган.
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиев мурда тарыхый-маданий мурастардын чектери кеңири белгиленгенин айтат. Мисалы, шаар ичиндеги тарыхый-маданий мурастар объекттеринин чеги өтө эле чоң белгиленген. Бирок шаар эли көбөйгөнүнө байланыштуу инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгы турат. Андыктан тарыхый-мурастар объекттери жайгашкан жердин чектерин кайра карап чыгып, такталган аймакка ар кандай курулуштарды жүргүзүүгө жол берилбеши керектиги белгиленди.