2015-жылы бюджеттик ссуда жана чет өлкөлүк насыялар боюнча карызды кайтаруудан 2 миллиард сом түшөрү күтүлүүдө

2015-жылдын январында бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча карыздарды кайтаруудан 331 миллион 300 миң сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Мунун ичинде:

- негизги карыз – 162 миллион 81 миң сом;

- пайыздар жана айып пулдар – 168 миллион 49 миң сом.

"2015-жылга бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин карыздарын кайтаруудан түшүүчү сумманын божомолу 2 миллиард 8 миллион 94 миң сом, анын ичинде: негизги карыз – 1 миллиард 223 миллион 470 миң сом, пайыздар жана айып пулдар – 785 миллион 470 миң сом",- деп билдирет мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан