"Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз учурунда төкпөгөндөргө айып пул салынат",- деп билдирди Социалдык фонддун төрагасы
Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин 11-февралдагы жыйынында. Анын билдиришинче, Бишкектеги ири компаниялар камсыздандыруу төгүмдөрүн өз учурунда төкпөй жатышат. Ал эми төгүмдөрдү төкпөгөн жактарга айып пул салуу алардын жоопкерчилигин күчөтөт. Жыйында Социалдык фонддун 2013-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалымат угулууда.
"2013-жылдын жыйынтыгында Социалдык фонддун бюджетинин киреше бөлүгү 34 миллиард 650 миллион сомду, чыгаша бөлүгү 34 миллиард 22 миллион сомду, бюджет калдыгы 628 миллион сомду түзгөн",- деди Абылгазиев.