Башкы прокурор мамлекет башчынын колдоосу жок коррупция менен жалгыз күрөшө албайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда маалымат жыйынында мурунку башкы прокурор
Аида Салянова билдирди.
"Башкы прокурор кызматында иштеген мөөнөтүмдө мага каршы чыккандар мени кызматтан кетирүүгө ар кандай терс ыкмаларды колдонушту. Булар: коркутуулар, шантаж, негизсиз айыптоолор. Бирок саясий интригалардан менин принциптерим жогору болду",- деди Салянова."Менин кызматтан кетүүмө негизги себеп - президенттин мага көрсөтүп келген колдоосунун жок болуп калышы. Менин чоң-чоң пландарым бар болчу, бирок президент тараптан колдоо сезбей калдым. Башкы прокурор эффективдүү иштеши үчүн өлкө башчынын колдоосу болушу зарыл",- деп белгиледи Салянова.