Кыргызстандын Жогорку Сотуна 2014-жылы кылмыш иши боюнча 1623 материал, административдик укук бузуулар боюнча 163 материал келип түшкөн. Муну мекеменин басма сөз кызматы 11-февралда билдирди. Кылмыш-соттук өндүрүштө кароо тартиби боюнча 495 соттук материал келип түшкөнү айтылды. "Келип түшкөн иштер жана соттук материалдар боюнча Жогорку Соттун соттук коллегиясы 1625 кылмыш ишин, 164 административдик ишти карады. Кылмыш-соттук өндүрүш тартибинде 473 материал каралган",- деп билдирет мекеме.