Мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билүүгө милдеттендирилди
Жогорку Кеңеш 11-февралда мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди билүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун карап, 3-окууда кабыл алды. Демилгечилердин айтымында, бул нормага ылайык, ар бир мамлекеттик кызматкер керектүү деңгээлде мамлекеттик тилди билүүсү шарт. Андан сырткары мыйзам нормалары кызматкерлердин кыргыз тилди билүү деңгээлин аныктайт. Демилгечилер кызматкер мамлекеттик тилди керектүү деңгээлде билбесе, кызматка албоо керектигин айтып келишкен.