Депутаттар Орусиядан алынып келинген жаратылыш газынан 35 пайыздык бажы алымын жоюу демилгесин колдошту
Жогорку Кеңеште 11-февралда өлкөгө алынып келинген жаратылыш газына салынган бажы алымын алып салуу максатында иштелип чыккан "Бажы тарифтери жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды. Орусиядан учурда жаратылыш газынын 1000 метр кубу 165 доллардан сатылып алынып, калкка газдын метр кубу 13 сомдон сатылууда. Демилгечилердин бири, депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, жаратылыш газына болгон 35 пайыз бажы алымы алынып салынып, мунун эсебинен газ колдонуучуларга жеңилдик берилгени жатат. Мыйзам президенттин кол коюусуна жиберилет.