Депутаттын айтымында, мыйзамсыз иштеп жатышкан карапайым жумушчулардын тапкан продукцияларын кимге өткөрөрү такталып, мамлекет кен байлыктарды иштетүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгышы керек. "Кен байлыктарынын запасы 100 килограммга жетип-жетпеген деле аймактар бар. Андай аз көлөмгө инвесторлордун келиши кыйын. Ошондуктан кен байлыктарды иштетүүдө мамлекет жергиликтүү шарттагы ишти тартып кете ала турган тараптарга да мүмкүнчүлүк бериш керек",- дейт Мадалиев.