2015-жылдын 12-февралынан 17-февралына чейин өлкө аймагында өзгөрмөлүү аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир райондордо жаан-чачындын арбын жаашы күтүлөт. Абанын температурасы өрөөндөрдө түнкүсүн 0...5°С жылуулуктан -2...-7°С суукка чейин, күндүз +3...+8°С жылуулуктан 0...-5°С суукка чейин өзгөрүлүп турат. Тоо этектеринде түнкүсүн -5...-10°С суукка чейин, күндүз 0...-5° суукка чейин төмөндөйт, тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°С суук, күндүз -7…-12°С суук болушу күтүлөт. Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатып, унаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдатат.