Жалал-Абадда ЖАМКнын кызматкерлеринин арасында спартакиада болду

Жалал-Абад шаарында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин арасында спартакиада болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.

Маалыматка ылайык, спорттук мелдештер 17–19-июль күндөрү өттү. Спартакиаданын салтанаттуу ачылышына мекеменин төрагасы Чыңгыз Кожошев катышты.
Спартакиадага ЖАМКтын Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында жайгашкан мекемелеринин курама командалары катышып, кичи-футбол, волейбол, теннис, жеңил атлетикалык эстафета, аркан тартыш спорт түрлөрү жана шахмат интеллектуалдык оюну боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында ар бир спорт түрү боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталып, алар диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышкан. Жалпы командалык эсептин жыйынтыгы боюнча Кайтаруу жана конвой департаменти биринчи орунду алды. Ал эми Борбордук аппарат экинчи орунга татыса, №2 мекеме үчүнчү орунду ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан