Ысык-Көл облусунда жаш балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча атайын түзүлгөн штабдар иш алып барышууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта штабдар облустун 5 районунда, 2 шаарында жана 61 айылдык башкармалыгында иш жүргүзүшүүдө. Учурда мындай штабдар ар бир райондо түзүлүп жатат. Ал штабдарды көзөмөлдөө милдеттери айыл өкмөттөрүнө тапшырылган. Аталган штабдар жума сайын аймактарда иликтөө жүргүзүп, зордук-зомбулукка кабылган жана балдардын укуктары бузулган фактыларын аныктоодо.