Саламаттыкты сактоо министрлиги: Түркияда дарыланууга арыздарды кабыл алуунун мөөнөтү 10-мартка чейин узартылды

Саламаттыкты сактоо министрлигинде бейтаптарды Түркиянын саламаттыкты сактоо уюмдарына жөнөтүү боюнча комиссиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 50 бейтап, Түркиянын КРдагы элчилиги тарабынан 50 бейтап тандалмакчы. Ал бейтаптардын жана аны коштоп жүргөн адамдын транспорт жана башка чыгымдары (авиабилет, жашай турган жер, тамак-аш, медициналык камсыздоо, жүктү камсыздоо, котормочунун кызматы, документтерди англис же түрк тилине которуу) бейтаптардын өзүлөрүнүн каражаты менен каржыланат.

Бейтаптардан арыз кабыл алууну Саламаттыкты сактоо министрлиги макулдашууга кол коюлган күнү, 2014-жылдын 3-июнунан тарта кабыл ала баштаган. Бүгүнкү күндө алардын тизмесинде 204 адам турат. 

Комиссиянын ишинин жыйынтыгына ылайык, арыздарды кабыл алуу 10-мартка чейин узартылып, алдын ала тандоону жүргүзүү үчүн ар кандай адистиктеги дарыгерлерден турган эксперттер тобу түзүлдү. Ошондой эле алдын ала тандоонун жыйынтыгын комиссияга тааныштыруу, Түркия Республикасына бара турган 1 адамга талап кылынуучу орточо бааны аныктоо чечими кабыл алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kalin466
2015-02-11 20:14:46
Анда неси бекер,баарын эле бейтап озу толосо? Койгулачы.
+1
maksnarin
2015-02-11 20:23:19
Кайсы бейтаптар кайрылса болот экен,кызым порок сердце эле,ойлонуп журдум эле,Туркиядан жазатсам деп,кайда кайрылсам болот?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан