"Түндүк электр": "Жүк ташуучу унаанын айдоочусу аба электр чубалгысынын тирөөчүн сүзүп, 28 миң сом зыян алып келди"

11-февраль түнү борбордогу Ак-Босого конушунда ЗИЛ-157 жүк ташуучу унаасынын айдоочусу 10 кВт аба электр чубалгысынын тирөөчүн сүзүп кеткен. Натыйжада тирөөч кулап, аба электр чубалгылары үзүлгөн. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кырсык болгон жерге барган "Батыш" РЭСинин электр куроочулары белгисиз айдоочу калтырган унааны гана табышкан. Бул иштин материалдарын “Түндүк электр” ишканасынын "Батыш" РЭСи Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматына өткөрүп беришти. Эми кырсыктын күнөөкөрү келтирген зыяны үчүн ишканага 28 миң сомго жакын чыгым ордун толуктап берүүгө мажбур болмокчу",- деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, быйылкы жылдын январь айында мындай окуялар Чүй облусунун Аламүдүн районунда катталган. Айдоочулар Беш-Күнгөй, Аламүдүн айылдарындагы 0,4 кВт аба электр чубалгыларынын 2 түрөөчүн сүзүп кетишкен.

Мындан сырткары маалыматта: "Энергетиктердин айтуусунда, көп учурда катуу ылдамдыкта айдап бара жаткан айдоочулар трассалардагы аба электр чубалгыларынын тирөөчтөрүнө сүзүлүшөт. 2014-жылы ылдамдыкты сүйгөн айдоочулар Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 3 тирөөчтү сүзүп, “Түндүк электрге” 92,5 миң сомго жакын зыян келтиришкен",- деп белгиленет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан