Жаштар министрлиги бүгүн жаш балдардын зомбулукка кабылып жатышына каршы акцияга чыгат
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаарындагы башкармалыгы бүгүн, 12-февралда митингге чыгат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына министрликтин өкүлү Нурбек Калкатаев билдирди. Акциянын максаты - өлкөдө болуп жаткан жаш балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу, коомдун көңүлүн буруу жана бирге күрөшүүгө үндөө.