Депутат
Ахматбек Келдибековдун соту 20-февралга белгиленди. Бул тууралуу
SUPER.KG`ге депутаттын жактоочусу
Татьяна Чильникина бүгүн, 12-февралда
билдирди.
"11-февралда Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, Келдибековго козголгон кылмыш ишине байланыштуу сот ишин кайра жандантууну өтүнгөнбүз. Соттук отурум 20-февралга белгиленгенин билдиришти",- деди Чильникина.Эскерте кетсек, Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынган эле. Былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кетип, 10-февралда Бишкекке кайтып келди.