Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери 1 күндүк маянасын 2 жаштагы катуу сабалып, зордукталган баланы дарылоого которушту. Бул тууралуу шаардык мэриядан 11-февралда билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэриянын кызматкерлери 43 500 сом суммасында бир күндүк маянасын баланын банктык эсебине которушту. Ошондой эле Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова жана Свердлов районунун башчысы Алтынай Өмүрбекова жеке каражаттарынын эсебинен 36 миң сом суммасында акчалай жардам көрсөтүштү. Белгилүү болгондой, чогулган каражат баланын калыбына келтирүү процедура, дарылоосуна жана керектүү дары-дармектерине жумшалмакчы.