Абдырахман Маматалиев Бишкектеги коргонуу өнөр жай ишканаларын кыдырып чыкты

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 11-февралда Бишкек шаарындагы коргонуу өнөр жай ишканаларын кыдырып чыкты. Маматалиев “Бишкек машина куруу заводу" ишканасынын жамааты менен жолугушууда учурда иштеп жаткан коргонуу өнөр жай ишканалары өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи. “СССР кулагандан кийин көптөгөн заводдор түрдүү себептерге байланыштуу өндүрүшүн токтоткон. "Ленин заводу" катары таанымал болгон “Бишкек машина куруу заводу" учурда өз ишин улантып жатканы кубандырат”,- деди Маматалиев.

“Мыкты уюштурулган менеджердик иштин жана модернизациялоонун натыйжасында завод жакынкы арада негизги өндүрүштү ишке киргизип, өнөктөштөр менен ишти жайгарып, жогорку деңгээлге чыга алат",- деп кошумчалады вице-премьер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан