"Астанада Ч.Айтматов атындагы көчө ачылат. Муну өкмөт бекитип берген, Юстиция министрлигине каттоо гана калды. Көчөнүн ачылышын салтанат менен өткөрүүгө ниет кылып жатабыз",- дейт Шавкат Исмаилов.
Кыргыз этномаданияттык бирикмесинин жетекчиси бүгүнкү күндө Казакстанда 27 миңге жакын кыргыз жашаарын кошумчалап өттү. "Кыргыздар кайсы жерлерде иштеп жатышканын атайын көрүп чыктым. Коргоо министрлигинде 4 полковник бар. Каржы полициясында бар. KazTransOil департаментинин директору - кыргыз. Жеке ишкерлер бар. Бул Казакстандын башка улуттарга болгон мамилесин көрсөтөт",- дейт ал.