Орусия президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы кырдаал боюнча Минскте өтүп жаткан "Нормандиялык форматтагы" саммитте колундагы калемин сындырды. Бул кичинекей фактыга көптөгөн дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары көңүл бурушту жана Путиндин экиге бөлүнгөн калемди (же авторучка) кармап турган сүрөтүн интернет аркылуу жарыялашууда. Орусиялык ММКлар Минсктеги сүйлөшүүлөр оор өтүп жатканын билдиришүүдө.
Эскерте кетсек, мындай көрүнүш Украинанын мурунку президенти Виктор Януковичте да болгон. Янукович өлкөсүнөн качып чыккандан кийинки биринчи маалымат жыйынында эмоцияга алдыруу менен калем сабын сындырганы белгилүү. Калем сап экс-президент "Бүткүл Украина элине кайрылам. Биринчиден, жабыркагандардын жана жабыркап жаткандардын баарынан кечирим сурайм" деген учурда сынган.