Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: "Биз Евразиялык экономикалык союзга качан кошулабыз жана кошулгандан кийин биздин Орусияда жүргөн мекендештерибизге кандай жеңилдиктер болот? 2015-жылдын январынан тарта биз ошол жеңилдиктерди пайдаланганга мүмкүнчүлүк болобу? Мигранттар үчүн документ жагынан, жумуш жагынан кандай мүмкүнчүлүктөр түзүлөт?" Суроо калтырган Djoni88kg.Жооп: "Өзүңүзгө белгилүү болгондой, 2014-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти
Алмазбек Атамбаев Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзга кошулуусу жөнүндө келишимге
кол койгон.
Аталган келишимге ылайык, жумушчу мигранттарды кабыл алып жаткан өлкөдө эмгектенүү үчүн уруксат кагаз алуудан бошотулат. Бирок бул келишим бардык ЕАЭСке мүчө мамлекеттер ратификация кылган убактан тарта күчүнө кирет". Айта кетсек, Кыргызстан 2015-жылдын 9-майынан баштап аталган уюмдун толук кандуу мүчөсү болору айтылган.
Суроого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.