Бүгүн, 17-февралда Бишкекте ар кандай категориялардагы жарандар үчүн бош орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дө башталат. Ал аталган министрликтин Токтогул - Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Бишкек шаардык башкармалыгында өтөт. "Жумуш издөөчүлөргө борбор калаадагы ишканалар бош орундарын сунушташат. Мындан тышкары алар жумушка орношуу, окуу жана кайра окуу боюнча консультация ала алышат",- деп билдирди басма сөз кызматы.