Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитети 16-февралда "Кыргызстанда 2014-2017-жылдары сот системин өнүктүрүү" программасынын аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын укту. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин билдиришинче, программанын алкагында бир катар тапшырмалар аткарылды. "Соттук системде бюджетти 1,15 пайыздык деңгээлге жеткирүү боюнча келишим түзүлдү. Мындан тышкары соттук системдин бюджетин аткарбагандарды административдик жоопкерчиликке тартуу сунушу киргизилүүдө",- деди Маматалиев.
Кыргызстандын Соттор кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрайымы Гүлжан Эсеналиева коммуникациялык саясатты өнүктүрүүнүн алкагында бардык облустук соттордо басма сөз катчылар иштеп баштай турганын белгиледи.
Жыйында депутаттар соттордун имараттары оор абалда экенин белгилешип, жыйынтыгында өкмөттүн маалыматын эске алышты.