"Мадина" базарындагы 10 коомдук тамактануу жайынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, аталган мекеме тарабынан «Мадина» базарында текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуу фактылары боюнча 24 административдик укук бузууларга протокол түзүлдү. Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, жалпы суммасы 277 500 сом болгон 24 административдик айып пул салынды.