Өкмөт "Жер-Үй" кенин иштетүү боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы 17-февралда билдирди.
"16-февралда премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү жана “Жер-Үй” аянтын геологиялык иликтөө максатында кен пайдалануу укугуна сынак жеңүүчүсүн аныктоонун талаптарын жана өткөрүү шартын, тартибин бекитүү жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн буйругуна кол койду.
Өкмөттүн 2014-жылдын 9-октябрындагы №450-буйругу аркылуу түзүлгөн Ведомство аралык сынактык комиссиянын буйругуна ылайык, “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү жана "Жер-Үй" аянтын геологиялык иликтөө максатында кен пайдалануу укугуна сынакты тийиштүү тартипте өткөрүү тапшырылган.
Өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигине жалпыга маалымдоо каражаттарына “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү жана тийиштүү аянтта геологиялык иликтөө жүргүзүү максатында кен пайдалануу укугун алууга сынактын өткөрүлүшү тууралуу кулактандыруу жарыялоосу тапшырылган.
Кенди иштетүү боюнча сынак процесси ачык-айкын, Кыргызстандын мыйзамдарына жана мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык өткөрүлөт. Аталган сынак кенди комплекстүү жана рационалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында өткөрүлөт",- деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.
“Жер-Үй” кени жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен байлыктардын тизмесине кирет, аларды иштетүүчүлөр сынактык негизде аныкталат.